Башкы прокуратура: Шайлоого байланыштуу 25 даттануу түштү, үч кызматкер иштен алынды

30.11.2025 | 16:53

Жогорку Кеңешке кезексиз шайлоо маалында прокуратура органдарына жалпысынан 25 арыз жана даттануу келип түштү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Башкы башкармалыгынын прокурору Самат Жунусов 30-ноябрдагы брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда:

  • 11 материал ИИМге жөнөтүлдү;
  • 6 – БШКга берилди;
  • 2 арыз боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды;
  • 1 материал башкасы менен бириктирилди;
  • 5 материал боюнча маалыматтык маалымдамалар түзүлдү.

Прокуратура өзгөчө көңүлдү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз агитацияга бурууда. Социалдык тармактардагы мониторинг үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Ачыкка чыккан мыйзам бузуулар боюнча 5 прокурордук сунуштама берилген. Алардын каралышынын жыйынтыгы:

  • 1 мамлекеттик кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды;
  • 3 кызматкер иштен бошотулду;
  • 1 сунуштама азырынча кароо стадиясында.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо бүгүн саат 8:00дө башталды. Шайлоочулардын тизмесинде 4 294 243 жаран бар. Өлкө боюнча 2 492 шайлоо участкасы, чет өлкөлөрдө дагы 100 участогун иш алып барууда. Добуш берүү 20:00гө чейин уланат. Алдын ала жыйынтыктар участоктор жабылгандан көп өтпөй жарыяланат. Расмий жыйынтык 14-декабрга чейин чыгарылары күтүлүүдө.

Scroll to Top