Каракол шаарында жапон маданиятынын күндөрү өтөт«Өмүр менен өлүмдүн ортосунда»: Эдуард Кубатов — К2, Эверест жана элес тууралууСурабалдиева депутаттарга орой мамиле кылган чиновниктерге нааразы болдуКыргызстанда жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөтБишкекте курулуш люлькасынын кулашы: компанияга 200 миң сом айып салындыМинистрлер кабинети 2026-жылдын тогуз айындагы иштин жыйынтыгын чыгарды
Люксембургдан келген жубайлар үйлөнүү күнүндө добуш беришти
30.11.2025 | 17:00
Кантка жакын жайгашкан Люксембург айылындагы №7139 шайлоо участогунда көңүл бурдура турган окуя болду: жаңы үйлөнгөн жубайлар өздөрүнүн нике тоюнун күнүндө добуш берүүгө келишти.
Келин ак көйнөгү менен урнаны көздөй барып, кирдетпөө үчүн көйнөгүнүн этегин акырын көтөрүп, бюллетенди этияттык менен салды. Комиссия мүчөлөрү жубайларды кол чабуулар менен куттукташты.
Ошентип жаш жубайлар өз үй-бүлөлүк жашоосун жарандык милдетин аткаруудан баштоону чечишти. Той улантылды, добуш да берилди.
Эскерте кетсек, бүгүн, 30-ноябрда, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.