Карылар үйүндө добуш берүүнүн купуялыгы бузулду. Жыйынтыктары жокко чыгарылды
№25 аймактык шайлоо комиссиясы Нижняя-Серафимовка айылындагы №7133 добуш берүү участогунда аймактан тышкаркы (үйдөн) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды. Тиешелүү чечим мындан ары каралышы үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жөнөтүлдү.

Бул чечим 2025-жылдын 29-ноябрында Facebook социалдык тармагына жарыяланган видеотасмаларга байланыштуу кабыл алынды. Карылар жана майыптар үйүндө тартылган кадрларда добуш берүүнүн купуялыгынын бузулган белгилери аныкталган. Иликтөөнүн материалдары комиссиянын жыйынында каралып, жыйынтыгында жыйынтыктарды жокко чыгаруу жөнүндө чечим бир добуштан кабыл алынды.
БШК келип түшкөн материалдарды шайлоо мыйзамдарына ылайык иликтеп жатканы жөнүндө кабарлады.Учурда Кыргыз Республикасында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо уланып жатат. Участоктор бүгүн саат 8:00дө ачылган. Шайлоочулардын тизмесине 4 294 243 жаран кирген. Эл аралык жана ички жалпы 2 492 добуш берүү участогу иштеп жатат; дагы 100 участок чет өлкөлөрдө ачылган.
Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт. Алдын ала натыйжалар участоктор жабылгандан кийин дароо жарыяланат. Шайлоонун расмий жыйынтыктары 14-декабрдан кечиктирилбестен жарыяланат.