Улуттук банк эл аралык которууларды, анын ичинде рублду алууда комиссия кармоого тыюу салды
Кыргызстандын Улуттук банкы эсеп ачпастан берилүүчү эл аралык акча которуулар үчүн ар кандай комиссиялык төлөмдөрдү алууга убактылуу тыюу салган жаңы токтом кабыл алды. Бул чечим орус рублунда жүргүзүлгөн которууларга да тиешелүү.
Бүгүн, 3-декабрда кабыл алынган документ 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2026-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Эмне өзгөрөт?
Токтомго ылайык, Кыргызстандын аймагындагы коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына эл аралык акча которуу системалары аркылуу келген каражаттарды эсеп ачпастан берүүдө алуучулардан комиссиялык акы кармоого тыюу салынат.
Иш жүзүндө бул чечим айрым операторлордун жакындагы эле тажрыйбасын жокко чыгарат. Алсак, декабрда Astrasend акча которуу системасы рубль которуулары үчүн 1,5%га чейин комиссия алынарын жарыялаган. Бул чет өлкөдөн, биринчи кезекте Орусиядан которулган акчаларды алган жарандардын тынчсыздануусун жараткан эле. Эми мындай төлөмдөр мыйзамсыз болуп калат.
Эл аралык которуулардан тышкары, Улуттук банк ошол эле токтом менен өлкө ичинде накталай эмес эсептешүүлөрдү стимулдаштыруу чараларын узартты. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу улуттук валютада (сом) жүргүзүлгөн акча которуулар үчүн кардарлардан комиссия алууга тыюу салуу узартылды.