Дүйнөлүк банк Кыргызстандын климаттык келечегин 88 млрд долларга баалады

05.12.2025 | 17:00

Дүйнөлүк банктын тобу Кыргыз Республикасынын климаты жана өнүгүүсү боюнча баяндамасын сунуштады. Ири изилдөөдө эл аралык эксперттер эскертет: экономикалык өсүүнү сактап калуу жана экологиялык кырсыктын алдын алуу үчүн өлкө өнүгүү моделин түп-тамырынан бери өзгөртүп, эбегейсиз инвестиция тартышы зарыл.

Баяндамага ылайык, Кыргызстандын учурдагы экономикалык өсүшү (акыркы жылдары болжол менен 9%) алтын казуу жана мигранттардын акча которууларынын эсебинен керектөө сыяктуу кыска мөөнөттүү факторлорго таянат. Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жаратылышка зыян келтирүү менен ресурстарды колдонгон «тоолуу өлкө» концепциясынан, кыймылдаткыч күчү (драйвери) гидроэнергетика, туризм жана туруктуу айыл чарбасы болгон «тоо экономикасы» моделине өтүүнү сунуштайт.

Мөңгүлөргө коркунуч жана жакырчылыктын өсүшү

Баяндама климаттык тобокелдиктердин кооптуу абалын сүрөттөйт. Эксперттер 2050-жылга чейин өлкөдөгү мөңгүлөрдүн көлөмү дагы 44–46%га кыскарарын болжолдошууда. Бул дарыялардын суусу кирген маалдын (пик стока) жылышына жана сууга болгон таңкыстыкка алып келет, ал эми сугарууга болгон муктаждык тескерисинче өсөт.

Эгер чара көрүлбөсө, климаттын өзгөрүшү ар бир кыргызстандыктын капчыгына сокку урат:

  • 2050-жылга карата калктын жан башына карата ИДП 2–4%га төмөндөшү мүмкүн.
  • 2040-жылга чейин эле жакырчылыктын деңгээли өсүп, муктаж болгондордун катарын 170 миң адам толукташы ыктымал, алардын көбү айыл жеринде жашагандар болот.
  • Табигый кырсыктардын: сел жана жер көчкүнүн коркунучу, айрыкча Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарында күчөйт.

«Жашыл энергетикага өтүүнүн» баасы

2050-жылга карата зыяндуу калдыктарды бөлүп чыгаруунун нөлдүк балансына жетүүнү көздөгөн амбициялуу сценарийди ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга ири каржылык салымдар керек болот. Дүйнөлүк банк жакынкы 25 жылга жалпы инвестициялык муктаждыкты 88 миллиард долларга баалады:

  • 27 млрд долларды 2025-жылдан 2030-жылга чейинки аралыкта инвестициялоо зарыл.
  • 61 млрд доллар 2031-жылдан 2050-жылга чейин талап кылынат.

Банктын аналитиктери мамлекет инфраструктураны адаптациялоого кеткен чыгымдардын 70%га жакынын жаба аларын белгилешет. Бирок аз көмүртектүү өнүгүү үчүн (ГЭСтерден тышкары) жеке сектор негизги ролду ойношу керек.

Ошол эле учурда эксперттер өлкөнүн фискалдык мейкиндиги бар жана бул чыгымдар республиканын узак мөөнөттүү каржылык туруктуулугуна коркунуч келтирбейт деп тынчтандырды.

Энергетика жана транспорт

Реформалардын негизги пайда көрүүчүлөрү энергетика жана транспорт тармактары болушу керек. Зыяндуу калдыктардын «нөлдүк балансы» сценарийи төмөнкүлөрдү болжолдойт:

  • Энергетика секторунун 68%га өсүшү.
  • 2050-жылга карата ГЭСтердин кубаттуулугун 9 ГВтка жана күн энергетикасын 25 ГВтка чейин жеткирүү.
  • Транспортту толук электрлештирүү, бул анын энергия керектөөсүн 73%га кыскартууга мүмкүндүк берет.

Мындай өтүш, эксперттердин пикиринде, экологияны гана жакшыртпастан, айыл чарбасынын аялуу секторлорундагы жоготуулардын ордун толтуруп, 20–25 миң жаңы жумуш орундарын түзөт.

Бийликке сунуштар

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын өкмөтүн кечиктирилгис аракеттерге чакырат. Негизги сунуштардын катарында:

  • Климаттык чараларды каржылоо үчүн көмүртек бөлүп чыгарууга салык киргизүү.
  • Электр энергиясына реалдуу чыгымдарды чагылдырган тарифтерди белгилөө.
  • Импорттолгон унаалар үчүн стандарттарды катаалдаштыруу жана коомдук электр транспортун өнүктүрүү.
  • Жаңы экономика үчүн кадрларды даярдоо максатында адам капиталына, башкача айтканда, билим берүү жана саламаттыкты сактоого инвестиция салуу.

Баяндамада айтылгандай, азыр аракет кылуунун дал убактысы. Адаптациялоо чараларын кабыл алууну кечиктирүү өлкөнүн экономикалык бакубатчылыгына гана эмес, социалдык туруктуулугуна да кесепетин тийгизиши мүмкүн.

Рубрики: Макалалар
Scroll to Top