Телевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты
Ашуулардагы абал тууралуу маалымат
11.12.2025 | 10:30

Бүгүн, 11-декабрь саат 10:00гө карата Нарындагы Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда чоң жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Түз-Бел ашуусуна унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Бул аймакта бороон басыла элек.
Калган ашуулар жана жолдордо каттам бар.
Транспорт министрлиги жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом