МСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргиздиАламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБалдарды мите курттардан кантип коргоо керек: Бишкектеги адистердин сунуштарыНарын облусундагы кен казуучу компаниялар суу үчүн 1,2 миллион сом төлөштүБишкекте кыргыз театрынын тарыхы тууралуу 2 томдук китептин бет ачары өттүЧет өлкөгө жумушка жөнөткөн агенттиктер: кимдер уруксат алды, кимдерге баш тартылды?
Ашуулардагы абал тууралуу маалымат
11.12.2025 | 10:30

Бүгүн, 11-декабрь саат 10:00гө карата Нарындагы Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Ал эми Бишкек-Ош жолундагы Ала-Бел ашуусунда чоң жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Түз-Бел ашуусуна унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат. Бул аймакта бороон басыла элек.
Калган ашуулар жана жолдордо каттам бар.
Транспорт министрлиги жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом