13-декабрга карата аба ырайы

13.12.2025 | 10:00

Бүгүн, 13-декабрда, Талас менен Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан жана кар жаашы мүмкүн. Чүйдүн Суусамыр өрөөнүнө жана Төө-Ашуу ашуусуна кар түшүшү мүмкүн. Ошондой эле Оштун Алай өрөөнүнө кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын жана кар күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда -1…4°C, күндүз 7…12°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 4…6°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн -1…-3°C, күндүз 5…7°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 5…7°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн -3…-5°C, күндүз 3…5°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7°C, күндүз -2…3°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -11…-13°C, күндүз -1…-3°C болот.
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°C, күндүз 3…5°C болот.
Scroll to Top