Камчыбек Ташиев Тажикстан менен чек араны бекемдөөнү жыл аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды

13.12.2025 | 12:25

Мамлекеттик чек араны инженердик жактан жабдуу процесси аяктоо алдында турат. Чек ара кызматы билдиргендей, учурда кыргыз-тажик тилкесинин болжол менен 80%ы зым тосмолор менен тосулуп бүттү. Бул иштерди үстүбүздөгү жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда.

Иштин жүрүшүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жеке өзү текшерди. Ал стратегиялык маанилүү чекитке – Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары туташкан жерге барды.

Жеринде кырдаалга баа берген атайын кызматтын башчысы белгиленген мөөнөттө периметрдин толук коопсуздугун камсыздоо үчүн курулуштун темпин ылдамдатууну тапшырды.

Жумушчу сапарынын алкагында Камчыбек Ташиев №2022 аскер бөлүгүнө да барды. Ал өздүк курам менен жолугушуп, мамлекеттик чек араны бекемдөө жана кайтаруу боюнча тапшырмаларды аткарууда өзгөчө айырмаланган аскер кызматкерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Scroll to Top