Мамлекеттик органдарда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө жана белектерди берүүгө чектөө коюлду

16.12.2025 | 10:52

Быйыл мамлекеттик органдарда жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө, ошондой эле жетекчилерге өзүнүн кызматкерлеринен баалуу белектерди алуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу өкмөт башчы Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын мамлекеттик органдар менен министрликтерде жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралар өткөрүлүп, айрым учурларда алар ашыкча чыгымдар менен коштолгон. Ал эми кызматкерлер жетекчилерине белек берип, убара болуп келишкен. Мындан улам мындай чектөөлөр киргизүү чечими кабыл алынган.

Өкмөт башчы айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышканын кошумчалап, мындай эмес экенин билдирди.

“Белгилей кетейин, жаңы жылдык корпоративдерге коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт. Жаңы жыл — балдар жылдап күтүп келген өзгөчө майрам. Аларды бул кубанычтан ажыратпагыла”,- деп билдирди Касымалиев.

Эске салсак, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы кол алдындагы мекемелерде жаңы жылдык корпоративдерди өткөрүүгө тыюу салган.

Scroll to Top