Өкмөттө бюрократияны жоюу боюнча чаралардын кезектеги пакети кабыл алынды

Өкмөттө бюрократияны жоюу чараларынын алтынчы пакети каралып, жактырылды. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 22-декабрда, өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Мамлекеттик кызмат тутумун бюрократиядан арылтуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын отуруму болуп өттү. Анда комиссия мүчөлөрү буга чейин жасалган иштердин жыйынтыгын чыгарды.
Аталган комиссия ушул жылдын март айында Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде түзүлүп, сегиз айдын ичинде административдик жана бюрократиялык басымды жеңилдете турган чечимдердин алты пакети кабыл алынган.
22-декабрдагы жыйында бюрократияны жоюу боюнча дагы бир канча сунуштар айтылды. Анда Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Улуттук статистика комитети тарабынан маалыматтарды талдоого таянып башкаруу чечимдерин кабыл алууга багытталган “маалыматтарга негизделген өкмөт” концепциясы сунушталды.
Экономика министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө “нөл-плюс” жана “нөлдүк бюрократия” принциптерин киргизүү, “Түндүк” системасы аркылуу даректүү ыкмага жана автоматтык эсептөөлөргө өтүү үчүн салыктык чегерүүлөрдү талдоо, бизнеске профилактикалык консультация берүү системасын ишке киргизүү жана онлайн соодага салык салууну реформалоо боюнча сунуштарды көтөрдү.
Мындан тышкары, кош бойлуу аялдарга жана алты жашка чейинки балдарга дары-дармектердин чыгымын компенсациялоонун максатка ылайыктуулугун изилдөө милдети коюлду. Ошондой эле ELQR QR төлөмдөрүнүн функционалдуулугун кеңейтүү, анын ичинде банкоматтар аркылуу накталай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталды.
Жыйынтыгында мамлекеттик органдар тарабынан берилген жарлыктар жана башка демилгелер алтынчы пакетке бириктирилип, комиссия мүчөлөрү тарабынан жактырылды. Бул пакет ашыкча административдик жол-жоболорду мындан ары кыскартууга, кайталанма талаптарды жоюуга, санариптик чечимдерди кеңири колдонууга жана жарандар менен бизнеске мамлекеттик башкаруунун көңүл буруусун күчөтүүгө багытталган.
Жыйындын аягында Адылбек Касымалиев кабыл алынган чечимдерди иш жүзүндө аткаруу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана конкреттүү натыйжага жетишүү кийинки этапта негизги артыкчылык болорун айтты. Ошондой эле жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмалар жана көрсөтмөлөр берилди.