Жасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармады

Жогорку сапаттагы жасалма акчаларды даярдап, сатуу менен алектенген деп шектелип, Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турган трансулуттук топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандардын жанынан чет элдик валютадагы жасалма акча каражаттары алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө аталган топтун ишмердүүлүгүнө тиешелүү кошумча фактылар аныкталган. Тактап айтканда, жасалма акча каражаттарына мобилдик телефондорду сатып алышып, андан кийин аларды Ош шаарында жана Өзбекстандын аймагында сатып жүрүшкөн белгилүү болгон. Муну менен алар жасалма акчаны накталай акчага айландыруу жана мыйзамдаштыруу иштерин жүргүзүшкөн.
Мындан тышкары, жасалма акча белгилерин чыныгы валютага 1:2 жана 1:3 катышында алмаштыруу боюнча туруктуу каналдар иштеп келгени аныкталган.
Учурда УКМК бул топтун башка мүчөлөрүн жана жасалма акчаны жайылтуунун башка багыттарын тактоо боюнча тергөө иштери улантылууда.