ЖКда курулуш жана шаар куруу боюнча мыйзам долбоору четке кагылды

20.04.2026 | 16:07

Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт жана отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети «Шаар куруу, архитектура жана курулуш ишмердүүлүгүнүн негиздери жөнүндө» мыйзам долбоорун четке какты. Документ курулуш тармагындагы эрежелерди жаңыртып, заманбап талаптарга ылайыкташтырууну көздөгөн.

Аталган мыйзам долбоорун жетинчи чакырылыштагы парламенттин бир катар депутаттары демилгелеп, ал биринчи окууда кабыл алынган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги экинчи окууга карата мыйзам долбоорун четке кагууну сунуштаган. Министрдин орун басары Талант Иманакун уулу түшүндүргөндөй, эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, көптөгөн мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келип калмак. Бул тууралуу министрлик мыйзам долбоорунун авторлорун бир нече жолу алдын ала эскерткен.

Мыйзам долбоорунун авторлору учурдагы нормалар эскирип, заманбап технологияларды жана курулуштагы жаңы ыкмаларды эске албай жатканын белгилешкен. Жаңы мыйзам курулуш тармагында тартип орнотуп, процесстерди ачык-айкын кылып, коопсуздукту жогорулатып, жарандар үчүн ыңгайлуу шаар чөйрөсүн түзүүгө багытталган.

Мыйзам долбоору төмөнкүлөрдү сунуштаган:

  • мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, куруучулардын милдеттерин жана тармактагы эрежелерди так аныктоо;
  • курулуш жана долбоорлор тууралуу маалыматтарды камтыган мамлекеттик шаар куруу кадастрын киргизүү;
  • эски райондорду реконструкциялоо, анын ичинде:
    • эскирген турак жайларды жана инфраструктураны жаңылоо;
    • бузуу жана көчүрүү учурунда тургундардын укуктарын коргоо;
    • мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инвестиция тартуу;
  • курулуш иштерин жүргүзүү, техникалык көзөмөл, объекттерди пайдаланууга берүү, имараттарды бузуу тартибин жөнгө салуу;
  • жарандардын аймактарды куруу боюнча чечимдерге катышуусуна шарт түзүү.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору комитет тарабынан экинчи окууда четке кагылды.

Scroll to Top