Ооруканаларга дары-дармектерди өз алдынча сатып алууга уруксат берүү пландалууда

23.12.2025 | 12:22

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларга дары-дармектерди өз алдынча сатып алууга жана тендер өткөрүүгө уруксат берүүнү көздөөдө. Бул маселе саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Каныбек Досмамбетов менен калкты сапаттуу жана зарыл дары-дармектер менен камсыздоо боюнча жумушчу топтун жыйынында талкууланды.

Мындай реформа дары-дармек тартыштыгын алдын алуу үчүн, ошондой эле «Кыргызфармация» ишканасынын дары-дармектер менен камсыздоодогу объективдүү чектөөлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

Жыйында ошондой эле өлкөгө жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерди үзгүлтүксүз жеткирүү маселелери каралды. Анда мындай дары-дармектерди каттоодо бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу, каттоо мөөнөттөрүн кыскартуу жана кезектерди азайтуу зарылдыгы айтылды.

Мындан тышкары Каныбек Досмамбетов эки айдын ичинде медициналык бирдиктүү электрондук базаны ишке киргизүүнү тапшырды. Базада өлкөдөгү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү жана саламаттык сактоо системасынын муктаждыктары тууралуу маалыматтар камтылат.

Scroll to Top