Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленет
20.04.2026 | 16:35

29-апрелде Бишкек шаарынын 148 жылдыгына карата борбордук Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Майрамдык программа саат 18:00дө мэриянын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти менен башталат.
Саат 19:00дө «Вальс кечеси» конкурс-фестивалы өткөрүлөт. Ага профессионалдык жана ышкыбоз хореографиялык жамааттар катышат. Иш-чаранын алкагында каалоочулар үчүн жалпы вальс бийи уюштурулат.
Майрамдык кече масштабдуу концерттик программа менен жыйынтыкталат. Мэрия шаар тургундарын жана конокторун майрамдык иш-чарага катышууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом