Уулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»

20.04.2026 | 17:07

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Михаил Сухинин кандуу согуштун башталышы, немистердин оккупациясы жана Кыргызстандагы жашоосу тууралуу баяндап берди.

Михаил Николаевич Сухинин 98 жашта. Ал согуш башталганда Воронежде жашаган 13 жашар өспүрүм болчу. 1951-жылы Кыргызстанга келип, бул жерде жашап жатканына 75 жыл болду. “Reporter.kg” басылмасы «Ветераны 365» фондунун ыктыярчылары менен биргеликте анын үйүнө барды. Анда балалык кантип бир заматта бүтөрү, кара топурактуу жерде эмне үчүн нан жетишсиз болгону жана согуштан кийинки жашоонун баркы тууралуу маек орун алды.

«Биз кайырмактарыбызды ыргытып жибердик»

1941-жылдын 22-июнунда Михаил 13 жарым жашта болчу. Андан бир күн мурун ал аталаш агасы менен 6- класстын акыркы экзаменин тапшырган эле.

— 21-июнда Дон дарыясынын жээгинде эс алууну чечтик. 22-июнь күнү түнкү саат үчтө ойгонуп, дарыянын чыгыш жээгине жөнөдүк. Тез жыйналып, жылаңайлак көпүрөдөн өтүп, бир жарым чакырым басып, чыгыш жээкке таң аткан маалда жеттик. Күн чыгып, кайра булутка жашынды. Жамгыр жаайт окшой деп ойлоп, бирөөнү балык кармаганга калтырып, үчөөбүз чатыр тиге баштадык. Ошол убакта кичүү иним балык кармаптыр. Балыктан шорпо бышырып ичип, чатырга кирип уктап калыптырбыз.

Ойгонсок күн тийип турат. Үйгө жөнөдүк. Көпүрөгө келсек  аскерлер турат.

— Биз муну машыгуу деп ойлодук. Жакыныраак келдик, жоокерлер унчукпай турушту, биз да унчукпай калдык. Жээкке өтсөк, аялдар тизилип карап туруптур. «Эмнени күтүп жатасыздар?» десек, «Эмне, билбейсиңерби? Согуш башталды!» дешти. Кайырмактарды таштай салып, станцияга чуркадык. Ал жерде вагондорго аскерлерди салып жатышыптыр. Поезд ордунан козголгондо аскерлер бизге кол булгалап: «Уулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө» деп кыйкырышты. Жакшы айтылган, бирок ошол жеңишти төрт жыл күтүүгө туура келди.

 «Эмнеге алдашты?»

Воронеж облусу кара топурактуу, түшүмү дайыма жакшы болчу. Бирок согуш башталары менен эле нан тартыш боло баштады.

1941-жылдын сентябрында Михаил окуган мектепти госпитал кылып, сабактар башка жерге көчүрүлгөн. Бир күнү мугалим менен бир аял келип: «Балдар, помидор жыйнаганга жардам бергиле, жарадар аскерлерге жиберебиз. Ал үчүн ар бириңерге жарым килограммдан нан берилет», — дешти.

Жекшемби күнү бүт класс болуп бардык. Кыздарды алышкан жок, балдар гана барды. Аял кайсы помидорду териш керектигин, кантип жыйноону көрсөттү. Кечке чейин иштеп, баарын бүтүрдүк. Түштөн кийин эки араба келди да, аялдар жардам берип жүктөп кетишти. Биз нан күтүп туруп калдык. Күзөтчүдөн сурасак: «Мен силерди чакырган эмесмин, помидорлор толук терилип бүтө элек», — деп койду. Баарыбыздын ичибиз күйдү. Эмнеге алдашты? Согуш жаңы эле башталса, дароо эле алдамай башталдыбы? — деп капа болдук.

 «Шыпыргы, автомат жана үч мүрзө»

1942-жылы июлда немис учактары Дондогу көпүрөнү бомбалай баштады. Сухининдердин үйү көпүрөдөн 300 метр эле алыс болчу. 

— Биз жер төлөөдө жашынып жаттык. Апам, мен, иним жана карындашым. Бир убакта таң атканын сездик. Жер төлөөнүн эшигин ачсам, дем алуу мүмкүн эмес, тегеректин баары түтүн. Жакын жердеги май чыгаруучу күн караманын даны сакталган кампа күйүп жатыптыр. Көпүрө болсо бузулбаптыр. 

Апам: «Бул жерден кетишибиз керек, азыр кайра келишет», — деди. Ошентип, өзүбүздүн айылыбызга жөө жөнөдүк. Иним 10–11 жашта, карындашым алтыда эле.

Акыры көпүрө талкалангандан кийин, агалар күйбөй калган ракета атуучу куралдары бар машинаны табышты.

— Аларды ок-дары менен толтуруп, кызыл, жашыл кылып аттырып баштадык. Салют кылалы дедик. Ушунчалык берилип кеткендиктен, немистердин чалгын учагы төмөн түшүп келип, пулемёт менен ок жаадырганын байкабай калыптырбыз. Жерге жата калып, баарын таштап качтык. Ошол абдан коркунучтуу болду.

Анан немистер келди. Бирөөсү Михаилди кармап алып, колуна шыпыргы берип, жерди шыпыр деп ишарат кылды.

— Мен шыпыргыны тикесинен коюп койдум да, жүгөрү талаасына кирип жашынып алдым. Ал кайтып келсе, шыпыргы ошол бойдон турат, жер шыпырылган эмес. Мени издеп абдан ачууланды. «Эгер көрүнсөм, атып салат» деп ойлоп, чыкпай койдум. Ал мени таппай, бир карыяны алып келип шыпыртты.

Мен үч күн бою жашынып жүрдүм. Анан бир күнү жуунуп алайын деп чыгып, эми гана самын менен бетти көбүрткөндө, тиги немис келип калып, мени шыпыргы менен сабап кирди. Башыма, жонума чапкылады. Апам чуркап чыгып, ага кыйкырып уруша баштады. Немис, кыязы, аяды окшойт кетип калды.

Кийинчерээк Михаил менен эки баланы автомат менен коркутуп, мүрзө каздырганы алып кетишти.

— Жерге үч чуңкурду сызып берди. «Азыр бизди атып, ушул жерге көмүшөт» деп ойлодук. Каза баштадык, бирок бактыбыз бар экен жолдон бир машина өтүп калды. Солдат ошол жакка алаксыганда, биз жүгөрүнү аралай качтык. Ал шыбыртты угуп, автоматтан ок жаадырды. Биз жерге жата калдык. Ал жүгөрү талаасына кирүүдөн коркту партизандардан чочуласа керек. Ошентип, сойлоп отуруп, бакчалар аркылуу качып кеттик. Бир жума бою эч кимге көрүнбөй жашынып жүрдүк.

 «Мишка, давай»

Айылга венгрлер келди. Алардын формасы да, машиналары да башкача экен, ат арабалары да бар болчу. Бир венгр Михаил жашаган үйдүн жанына токтоду.

— Таң эртең менен ал көчмө устаканасын иштетип баштады. Мени көрүп чакырып, педалды көрсөттү: «Бас», — деди. Мен жардам бергим келген жок. Эмнеге биздин жерге келишти деп ойлодум. Бутум жылаңайлак, педаль кичине тайгаланып кетет.  Ал мени «акмак» дегендей түртүп жиберди. Мен таарынып, китеп окуганы кетип калдым.

Бирок эртеси эртең менен венгр мени кайра чакырды.  Мага сүрөт көрсөттү анын уулу экен. «Будапешт», — дейт. Анан колхоздун аарыканасын көрсөттү. Ал жерде бал бар да. Экөөбуз барабыз, аарынын уясын саман менен ороп, өрттөп жиберебиз деп түшүндүрдү. «Аарылар өлөт, балды алабыз. Сага да берем», — деди.

Аарыканага бардык. Саман менен ороп, бирок өрттөгөнгө үлгүрбөй калдык аарылар учуп чыгып, экөөбүздү тең чакты.

— Эки күн ал көрүнбөй калды. Анан бир убакта пайда болду: «Мишка, давай!» — дейт. Көзү көрүнбөйт бети бүт шишип кетиптир. Мен балалык кылып каткырып күлүп жибердим. Ал таарынган жок, болгонун айтып берди. Анан чын эле мени бал менен сыйлады.

«Биз 90 киши элек, боюбуз штык менен тең»

Михаил Сухинин фронтко 1944-жылы, 17 жашында аскерге чакырылганда гана туш болгон.

— Бизди Брянск шаарына алып барышты, ал жерден 90 кишини тандап алышты. Боюбуз так штык менен тең болушу керек экен. Полктун объектилерин кайтарууга дайындашты. Мен минометчу болдум. 45-жылдын мартында Литвага фронтко жөнөтүштү. Немис чек арасына жакын жерде коргонууда турдук. Атууга уруксат берилчү эмес. 1945-жылдын 2-апрелинде чабуул башталды.

— Асманда учактар толтура, замбиректер, «Катюшалар» иштеп жатты. Эки сутка бою тынымсыз аткылоо болду. Биз миномёттон бир-эки жолу гана аттык андан көп атууга уруксат беришкен жок. Баары түтүн, эч нерсе көрүнбөйт. Анан автоматчылар менен танктар алдыга жылды. Бизди кайда отургузушмак эле — жөө жөнөдүк. Бир полковник машина менен жетип келип: «Эч жакка барбагыла, буйрукка чейин ушул жерде тургула», — деди.

9-майда согуш бүттү.

— Кубанычыбызда чек жок эле. Баарыбыз аман калдык. Бирок эс алууга мүмкүнчүлүк беришкен жок: ок-дары түшүрдүк, марштар, тактикалык машыгуулар болду. Мен эки тараптуу өпкө сезгенүүсүнө чалдыгып, госпиталга түштүм. Ошол жерде жатканымда Япония менен согуш башталды. Кайтып келсем, биздин бөлүк Чыгышка кетип калыптыр.

«75 жылдан бери ушул жерде жашайм»

1951-жылы Михаил Сухинин ата-энесинин артынан Кыргызстанга келген, алар бул жакка эки жыл мурун көчүп келишкен экен.

— Атам согуштан кайтса, Воронеж облусундагы үйүбүздү мектеп кылып алышыптыр. Ага жанындагы кичинекей бир үйдү беришиптир. Аарычы кылып коюшса, эл каалабай: «Буга чейин эле кулак болчу, кайра эле кулак болду», — деп чыгышты. Бир бригадир чака көтөрүп келип: «Бал бер», — деген. Атам макул болгон жок. Акыры эмгеги үчүн бир кап жүгөрү алган. Кыргызстанда жашаган тууганы келип: «Колхоздон кет», — деди. Атам арыз жазып, төрага кол коюп, көчүп кетишти. Мен болсо армиядан кийин түз эле ушул жакка келдим.

Кыргызстанда Михаил Николаевич заводго кирип, кечки машина куруу техникумун, андан соң политехникалык институтту аяктады. Технолог, цех башчысынын орун басары, цех башчысы, заводдун партиялык 

комиссиясынын төрагасы болуп иштеди.

— Мага бул жер жагат.

Мен ушул жерде өстүм. Армиядан кетип жатканда ротанын командири: «Эмне кыласың?» — деди. «Иштейм», — дедим. «Дагычы?» — «Окуйм». Ал таң калды: «Жети классты бүткөнүңө тогуз жыл болду, баарын унуткансың да». Мен болсо: «Унуткан жокмун», — дедим. Ал: «Сенде турмуштук тажрыйба бар, формулалар — майда нерсе», — деди.

Михаил Николаевичтин неберелери бар. Алардын бири Словенияда жашайт, аны аскердик ишке тартууга аракет кылышкан.

— Ал: «Бул Украинага каршы колдонулат», — деп, жумуштан чыгып кетти.

«Рахмат айтууга үлгүр»

«Ветераны 365» фонду Михаил Николаевичке жана башка ардагерлерге 9-майда гана эмес, дайыма келип турушат.

Наталья Николаевна, ыктыярчы:

— Биздин фонд толугу менен ыктыярдуу. Жылына 365 күн жардам беребиз. Жаңы жылда, Карылар күнүндө, 23-февралда жана 9-майда акцияларды уюштурабыз. Туулган күндөрү менен куттуктайбыз. Эң башкысы белек эмес, сүйлөшүү, өткөндү эскерүү. Ардагерлерге көңүл буруу керек, алар жалгыз эмес экенин сезиши зарыл. Тизмебизде согушту баштан кечиргендер да, тылда эмгектенгендер да бар. Окопто оор болсо, станоктун жанында да жеңил болгон эмес. Ай өткөн сайын алардын саны азайып барат. Ошондуктан биздин ураан — «Рахмат айтууга үлгүр».

Маектешкен Яна Крайнюкова

Маалымат үчүн: Михаил Николаевич Сухинин 1927-жылы 2-октябрда туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, минометчу. 1951-жылдан бери Кыргызстанда жашайт.

«Ветераны 365» фонду ардагерлерге даректүү жардам көрсөтөт, куттуктоолорду жана эскерүү акцияларын уюштурат.

Scroll to Top