Камчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалды

29.12.2025 | 15:03

Камчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп, акча алып жүрүүгө шектелип Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мурдагы кызматкер Б.К.Б. өзүн УКМКнын кызматкери катары көрсөтүп, ишкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, алардан 26 миң 300 доллар тартып алган.

Ошондой эле ал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы жана анын уулу менен достук мамиледе экендигин айткан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Б.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызмат Б.К.Б.нын аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын нөөмөт кызматына кайрылууну суранды.

Scroll to Top