Кыргызстанда эң көп тигүүчүлөргө, айдоочуларга жана медицина кызматкерлерине суроо-талап жогору

17.04.2026 | 13:19

Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын биринчи чейрегинде иш менен камсыз кылуу кызматтары 5 243 актуалдуу бош жумуш ордун (вакансия) каттаган. Жумушчу күчүнө болгон эң чоң суроо-талап тейлөө чөйрөсүндө (1 016), тигүүчүлөр (1 065) жана айдоочулар (427) арасында байкалууда. Ал эми кызматчылардын ичинен медицина кызматкерлерине (527 бош орун) жана мугалимдерге (323 орун) өтө муктаждык бар.

Өлкөдөгү жумушсуздуктун жалпы деңгээли 3,7%ды түзөт. Учурда иш менен камсыз кылуу кызматтарында 57 700 адам каттоодо турат, алардын үчтөн бирин жаштар түзөт. Биринчи чейректин ичинде 3 562 адам жумушка орношкон.

Тармактар боюнча айлык акылардын айырмасы дагы деле чоң бойдон калууда. Эң жогорку маянаны пайдалуу кендерди казуу өнөр жайынын кызматкерлери табышат — айына орточо 86 971 сом. Андан кийин каржы сектору (83 277 сом) жана IT тармагы (80 277 сом) турат. Ал эми эң төмөнкү айлык акылар маданият (27 326 сом), билим берүү (27 352 сом) жана тейлөө чөйрөсүндө (29 679 сом) катталган.

Бир чейректин ичинде иш менен камсыз кылуу кызматтарына 40 миңге жакын адам кайрылган. Алардын 27 миңден ашыгына кеп-кеңештер берилип, 2 039 адам кесиптик окутууга — анын ичинде ашпозчу, бухгалтер, косметолог жана ширетүүчү (сварщик) адистиктерине жөнөтүлгөн. Дагы 2 000ге жакын адам акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылды. Иш менен камсыз кылуу кызматы бардык жардамдарды жарандардын жашаган жери боюнча акысыз көрсөтөт.

Scroll to Top