Майрам күндөрү Кыргызстандын жолдорунда 75 мас айдоочу кармалды

05.01.2026 | 16:00

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Жаңы жыл майрамы учурундагы ведомствонун ишинин жыйынтыгын чыгарды. Өздүк курам өлкөнүн жолдорунда укук тартибин камсыздоо үчүн кызматын күчөтүлгөн тартипте улантууда.

Отчеттук мезгилде ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 3 002 фактыны аныкташты. Алардын ичинен транспорт каражатын алкоголдук мас абалында башкаруу боюнча 75 учур жана ылдамдыкты ашыруу боюнча 336 факт катталды. Жол эрежелерин одоно бузганы үчүн 602 унаа атайын айып короо жайларына киргизилди.

Республика боюнча жалпысынан 21 жол кырсыгы катталды. Ведомстводон белгилешкендей, кырсыктардын көбү анча чоң эмес материалдык чыгымга гана алып келген. Кызмат өтөө учурунда өздүк курамдын арасында укук бузуу фактылары катталган жок. Учурда жолдордогу абал туруктуу жана ЖКККББ жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Scroll to Top