Орусияда алдын ала маалымат боюнча беш партия Мамлекеттик думага өтүүдө — РФ БШКсынын башчысы21-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойт
Нурсултан Кеңешбеков Кытайдагы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңип алды
08.02.2026 | 15:31
Кыргызстандык жеңил атлетчи Нурсултан Кеңешбеков Кытай Эл Республикасында өтүп жаткан жабык имараттардагы Азия чемпионатында экинчи орунду ээледи. Спортчу эркектер арасында 3000 метр аралыкка чуркоо боюнча финалдык жарышта ийгиликтүү өнөр көрсөттү.
7-февралда Кеңешбеков аралыкты 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтыгы менен басып өтүп, күмүш байгенин ээси болууга жетишти. Бул медаль атлеттин карьерасындагы кышкы Азия чемпионаттарындагы үчүнчү байгеси болуп калды — буга чейин анын куржунунда бул мелдештердин эки алтын медалы бар болчу. Учурдагы жыйынтык кыргызстандык күлүктүн эл аралык аренадагы туруктуу жогорку квалификациясын тастыктайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт