Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Ош шаарына 10 жаңы мектеп курулат
10.02.2026 | 14:49

Быйыл, 2026-жылы, Ош шаарына 10 жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
10-февралда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев жана курулуш министри Нурдан Орунтаев курула турган мектептер боюнча жыйын өткөрүштү. Анда мектептердин долбоору, жер тилкелери, инфраструктурасы жана курулуш этаптары талкууландв. Жетекчилер курулуш жүрө турган аймактарды жеринен көрүп чыгышты.
Мектептер республикалык бюджеттин эсебинен курулат. Долбоордун алкагында С. Жигитов (мурдагы К. Маркс) жана М. Ломоносов атындагы мектептердин имараттары бузулуп, кайра тургузулат.
Курулуш иштерин 2026-жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү жана мектептерди пайдаланууга берүү пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом