Бишкектин башкы планы боюнча коомдук талкуунун жыйынтыктары жарыяланды

13.01.2026 | 10:58

Мэрия Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы боюнча коомдук угуулардын жыйынтыгын, ошондой эле долбоордун жаңыртылган негизиги чиймесин жарыялады.

Башкы план Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институту менен биргеликте иштелип чыккан. 2025-жылдын 24–25-декабрь күндөрү долбоор боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн. Ага мамлекеттик органдар, долбоорду иштеп чыгуучулар, шаардык жана тармактык кызматтардын өкүлдөрү, шаар тургундары, ЖМКлар жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышкан.

Мэрия талкуу маалында айтылган сунуштар жана эскертүүлөр каралганын билдирди. Талкуулардын жыйынтыктары менен төмөнкү шилетемелер аркылуу таанышууга болот:

Зоналардын негизги чиймеси

Коомдук угуу учурунда айтылган сунуштар жана эскертүүлөр

Башкы планынын долбоору боюнча шаар тургундарынан келип түшкөн сунуштар жана эскертүүлөр

Scroll to Top