Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
Сузакта келин күйөөсү тарабынан бычакталып, каза тапты
13.01.2026 | 11:00
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 28 жаштагы келин күйөөсү тарабынан бычакталып, каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Окуя 3-январь күнү болгон. Шектүү ошол эле күнү милицияга аялын өлтүрүп алганын айтып, кабар берген.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, аш бычагын далил буюм катары алышкан. Ошондой эле соттук-медициналык эспертиза дайындалган.
Тергөө учурунда 35 жаштагы Д.Я. Орусияда эмгектенип жүрүп, 2-январь күнү үйүнө кайтып келгени, андан кийин жубайы экөөнүн ортосунда уруш чыкканы белгилүү болгон. Шектүү уруш маалында аялын аш бычак менен көкүрөк тушка бир нече жолу сайып өлтүргөн.
“Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар