Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Орто-Токой ГЭСинин курулушу аяктоо алдында турат
13.01.2026 | 14:04

Орто-Токой чакан ГЭСинин курулушу 80%га аяктады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Орто-Токой суу сактагычына курулуп жаткан үч гидроагрегаттуу ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВтты түзөт. Ал ишке киргизилсе, 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кыла алат.
Обьектинин курулушу 2024-жылдын июнь айында башталган. Аны кытайлык China National Heavy Machinery Corporation мамлекеттик ишканасы куруп жатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2023-жылдын мартында “Чакан ГЭС” ААКсы менен аталган ишкананын ортосунда макулдашууга кол коюлган.
Министрлик курулуш иштери болжол менен 2026-жылдын биринчи жарымында аяктаарын кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом