Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Сапатсыз үрөн колдонгон дыйкандарга мамлекет тарабынан жеңилдиктер берилбейт
13.01.2026 | 14:35

Айыл чарба министрлиги дыйкан-фермерлерди айдап-себүү иштеринде сапаттуу үрөндөрдү колдонууга чакырды.
Ошондой эле эгер дыйкандар колдонулган үрөндүн сапатын, сертификатталганын жана келип чыккан жерин тастыктай албаса, анда аларга жеңилдиктер берилбеши мүмкүн экенин эскертти.
Учурда мамлекет тарабынан төмөнкү жеңилдиктер жана колдоолор каралган:
- жеңилдетилген насыялар;
- ири чарбаларга 309-токтомдун негизинде жерлерди бөлүү;
- ири кооперативдергө көрсөтүлгөн ар тараптуу жардамдар.
Ошондой эле министрлик дыйкандар үчүн атайын программа иштеп чыгып жатканын маалымдады. Ал өсүмдүктөрдүн сапатын жакшыртып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом