АКШдагы иммиграциялык кайра түзүүлөр: визалык күрөө, көзөмөлдүн күчөтүлүшү жана күч түзүмдөрүнүн рейддери
Дональд Трамптын азыркы тарапкерлеринин жана MAGA кыймылынын консервативдүү реформаторлорунун ичинен оңчул жана радикал-оңчул көз караштагылардын АКШда бийликке келиши, тагыраагы, кайтып келиши менен өлкөдө миграциялык саясатта тез өзгөрүүлөр башталды. Биринчи кезекте бул өзгөрүүлөр колдонуудагы иммиграциялык процесстерге жана виза берүү механизмдерине таасирин тийгизип, катуу көзөмөл кырдаалын жаратты. Бул өз кезегинде массалык түрдө кармоолорго, протесттерге жана трагедиялуу аяктоолорго алып келди.

АКШнын аймагында калууну каалаган бардык чет элдиктер үчүн «кирүү эркиндигинин» шарттуу концепциясы Америка мамлекетинде 1965-жылы Иммиграция жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр киргизилгенден бери жашап келген. Ал кездеги жаңы мыйзамдык ченем 1920-жылы Европадагы иммигранттардын «ассимиляцияга» жөндөмсүздүгүнөн улам алардын киришин чектөө максатында киргизилген улуттук теги боюнча квоталарды толугу менен жокко чыгарууну көздөгөн. «Харт-Селлер мыйзамы» деп аталган иммиграциялык нормалардын либерализацияланышы — ошол кездеги президент Линдон Жонсон баштаган демократтардын өлкөнү нацизмдин жана расизмдин бардык көрүнүштөрүнөн арылтуу аракети болгон.
Убакыттын өтүшү менен АКШнын иммиграциялык саясаты сейрек учурларда гана олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болгон, бирок анын эволюциясынын жаңы баскычы 1990-жылы, улуу Жорж Буштун президенттиги тушунда болгон. Анда АКШ Конгресси «1990-жылдагы Иммиграция жөнүндө мыйзамды» кабыл алган. Бул мыйзам иммиграциянын жалпы лимитин жана бардык өлкөлөр үчүн иммиграциялык визалардын лимитин көбөйтүүнү гана эмес, ошондой эле ишке орношуунун негизинде визалардын бир нече түрүн түзүүнү да караган. Жаңы мыйзам грин-карт механизмине — чет мамлекеттин өкүлүнүн АКШда расмий иштөө укугун тастыктаган атайын өздүк күбөлүктөргө жол ачкан.
Азыркы учурда иммиграциялык көрүнүш массалык чектөөлөр жана болуу шарттарынын катаалдашуусу тарапка тездик менен өзгөрүүдө. Дональд Трамп АКШнын президенти болуп экинчи ирет шайлангандан бери өлкө жетекчилиги мыйзамсыз иммиграцияны жоюу боюнча кескин жана келишпес чараларды көрүүдө. Алардын арасында миграциялык мыйзамдарды бузган чет элдиктерди түз маанисинде «улоо» да бар. АКШнын Ички коопсуздук министрлигине баш ийген жана өлкө аймагында башка мамлекеттердин жарандарынын мыйзамсыз жүрүүсүнө бөгөт коюу менен алектенген федералдык агенттик — Иммиграциялык жана бажы көзөмөлү кызматынын (ICE катары белгилүү) активдүүлүгүнүн күчөшү өзгөчө көңүл бурат.
Трамптын жана анын тарапкерлеринин ICE кызматы тарабынан көрүлүп жаткан катаал чараларды жигердүү колдоосу, АКШнын азыркы президентинин шайлоо алдындагы мыйзамсыз мигранттарды токтотуу убадаларынын логикасына төп келет. 2025-жылы президенттин администрациясы болжол менен эки жарым миллиондой мыйзамсыз мигранттын кармалганы жана андан кийин депортацияланганы тууралуу отчет берди. Күч менен чыгарып жиберүүдөн тышкары, АКШ бийлиги «ыктыярдуу» чыгып кетүү механизмдерин иштеп чыгып, ишке киргизди. Бул механизм акысыз авиабилеттерди алууга көмөктөшүүнү жана «өзүн-өзү депортациялоого» батынган ар бир адамга 1000 АКШ долларына чейин акча берүүнү карайт.
Бийликтин аракеттери «кагаз жүзүндө» мыйзамдуу болгонуна карабастан, күч түзүмдөрүнүн активдүүлүгүнө жарандардын нааразычылыгы тездик менен өсүүдө. Америкалык коом экиге бөлүнүп, иммиграциянын жаңы эрежелерине карата ар кыл мамилесин көрсөтүүдө. Эгерде миграциялык саясаттагы жаңылыктардын юридикалык аспектиси байкаларлык колдоо тапса (өлкөдөгү көптөгөн жарандар мыйзамсыз мигранттар менен күрөшүү керек дегенге кошулушат), анда колдонулган ыкмалар калк арасында катуу реакцияны жаратты. Бул социалдык тармактарда ачык байкалып, маал-маалы менен ири шаарлардын көчөлөрүндө реалдуу протесттерге жана күч түзүмдөрү менен кагылышууларга айланууда.
Жакында Миннеаполисте ICE кызматкери тарабынан солчул көз караштагы америкалык активист аялдын өлтүрүлүшү менен байланышкан окуя америкалык коомчулукту кайрадан тынчсыздандырып, өкмөттүк кызматтардын ишине нааразычылыктын жаңы толкунун жаратты. Айрым штаттарда жана шаарларда жөнөкөй адамдарга карата зомбулукту токтотууга чакырган манифестациялар бара-бара азыркы бийликке жана тактап айтканда, Дональд Трамптын саясатына каршы протесттердин формасын ала баштады. Бул контекстте, нааразы болгондор ICE кызматынын иши менен бирге АКШнын Венесуэлага карата аракеттерине да каршы экенин билдирип жатышканы көңүл бурарлык.
Анткен менен өлкө ичиндеги пикирлердин карама-каршылыгы азырынча бийликтин аракеттерине нааразы болгон жарандардын саны өлкө жетекчилигинин тарапкерлеринен бир нече эсе көп болуп кеткен кырдаалга жете электигин көрсөтүүдө. Массалык манифестацияларга карабастан, коомдук пикирди сурамжылоолор америкалыктардын олуттуу бөлүгү АКШ администрациясынын бардык аракеттерин же толугу менен, же тигил же бул деңгээлде, бирок айрым эскертүүлөр менен колдой турганын тастыктоодо. Мисалы, мыйзамсыз мигранттарды кармоодо же аларга тилектеш активисттер менен күрөшүүдө ашыкча катаалдыкка жол бербөө шарты менен.
Ошону менен бирге, миграциялык саясаттын катаалдашуусу эми бир катар чет мамлекеттерге, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнө да таасирин тийгизүүдө. АКШнын Мамлекеттик департаменти 21-январдан тарта Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан үчүн расмий «визалык күрөө» киргизүүдө. Бул республикалардын туристтик же бизнес-визалары бар жарандары Америкада жүрүү укугун алуу үчүн 3 миңден 15 миң долларга чейин күрөө коюуга милдеттүү болушат, ошондой эле өлкөгө келүү жана кетүү үчүн үч гана аэропортту колдонууга милдеттенишет. Баса, жүрүү мөөнөтүн бузган жарандар күрөө катары салынган акчасынан айрылып калуу коркунучунда болушат. Мындай чара иммигранттардын агымы менен алдын ала күрөшүү мүнөзүнө ээ, анткени АКШнын пикиринде, бул агымдын ичинде потенциалдуу мыйзам бузуучулар болушу мүмкүн.
АКШнын азыркы жетекчилиги тушунда Борбордук Азия өлкөлөрүнө (ошондой эле Вашингтон тарабынан мыйзамсыз миграциянын потенциалдуу булагы катары классификацияланган башка көптөгөн мамлекеттерге) карата катаалдаштыруу чаралары тышкы саясий таасир этүү куралына да айланарында шек жок. Бирок, коюлган максаттарды ишке ашыруу америкалык жарандар тарабынан бир беткей кабыл алынбагандыктан, бул процесс олуттуу социалдык силкинүүлөрдү жаратып, коомдо терең ажырымга алып келе турган татаал ички саясий күрөштүн куралына айланышы да күтүлөт.
Дастан Токольдошев