Аймен Касенов Кыргызстандын президенттигине талапкер болуу үчүн БШКга арыз берди«Өзүңүздү Ташиев сезип алдыңызбы?» — Сурабалдиева вице-мэрди катуу сынга алдыИнновациялык борбор Технологияларды трансферттөө жана инновациялар борбору болуп өзгөртүлдүКазакстанда эт 1400 сомго, Өзбекстанда 1200 сомго чейин сатылууда — министрБишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керек
Бишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 4-орунду ээледи
14.01.2026 | 18:00
14-январга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 4-орунду ээледи.
Учурдагы AQI индекси 266 бирдикти түздү. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «өтө зыяндуу» болуп эсептелет.

Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштар
- «Жакшы» (0-50) көрсөткүчүндө сыртта ээн-эркин жүрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезгич адамдарга сыртта узак убакыт жүрүүдөн кармануу сунушталат.
- «Зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлдерде сыртта болуу убактысын чектөө зарыл.
- «Өтө зыяндуу» (150-249) учурда үйдөн чыкпай коюу абзел.
- Ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде кыска убакытка болсо да сыртка чыгуудан баш тартуу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом