Чек ара кызматы казакстандыктарга Кыргызстандын аймагында жүрүү эрежелери өзгөргөнү тууралуу эскертти
УКМКнын Чек ара кызматы Казакстандын жарандары үчүн Кыргызстандын аймагында жүрүү тартибине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр жөнүндө эскертти. Бул эрежелер 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирген.
Ага ылайык, эми Казакстандын жарандары өлкө аймагында ар бир 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин жүрө алышат. Бул мөөнөт өлкөгө кирген биринчи күндөн тарта эсептелет. Мурдагыдай чек арадан кирип-чыгып, мөөнөттү нөлдөн баштоо эми мүмкүн эмес.
Мөөнөттү эсептөө тартиби
Мамлекеттик чек арадан ар бир өтүүдө мурда пайдаланылган күндөр жоюлбайт, алар жалпы эсепке кошулат. Жүрүү мөөнөтүн кайрадан эсептөө (жаңы 90 күн алуу) үчүн жаран Кыргызстандын аймагынан тышкары үзгүлтүксүз 90 күн катары менен болушу шарт.
Каттоо талаптары
- 30 күнгө чейин: Казакстандын жарандары алгачкы 30 күн ичинде каттоодон өтүүдөн бошотулат.
- 30 күндөн ашса: Эгерде жаран өлкөдө 30 күндөн ашык калууну пландаса, жайгашкан жери боюнча каттоодон өтүүсү милдеттүү.
Эгерде жаран каттоосуз же тийиштүү документтери жок 90 күндөн ашык жүргөнү аныкталса, анда ага кийинки жолу Кыргызстанга кирүүгө 90 күнгө чектөө коюлат.
Мөөнөттү кантип узартса болот?
Кыргызстанда 90 күндөн ашык мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү документтердин бири болушу шарт:
- Жайгашкан жери боюнча каттоо;
- Жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат;
- «Кайрылман» же «Мекен-карт» макамдары;
- «Резидент-карт» же эл аралык келишимдерде каралган башка документтер.
Маанилүү: Ушундай эле эрежелер Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарына карата да колдонулат.
Чек ара кызматы жарандарды миграциялык мыйзамдарды алдын ала изилдеп, өлкөдө жүрүү мөөнөттөрүн так сактоого чакырат.