Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйт
Кытай лидери Си Цзиньпиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары — Кытайдын Борбор Азия өлкөлөрү менен «C+C5» (Кытай + Борбор Азиядагы 5 мамлекет) форматына негизделген кызматташтыкты жандандыруу ниетин ачыктайт. Акыркы алты жылга жетпеген убакыттын ичинде бул формат ишенимдүү түрдө өзүнүн экономикалык жана соода-логистикалык стратегияларын кеңейте алды. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги жыйындарда жана мамлекет башчыларынын саммитинде Пекиндин Борбор Азиянын борборлору менен кенен форматтагы байланышты чыңдоо, достук мамилени сактоо жана өз ара пайдалуу өнүгүүгө умтулуу идеялары расмий түрдө жарыяланып келет.

Кытайдын «Борбор Азия +» форматына кошулуу демилгеси — бул Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) окшош интеграциялык модель. Ал Кытайдын негизги стратегиялык кызыкчылыгы болгон «Бир алкак — бир жол» глобалдык долбоорун күчөтүүгө багытталган. Кандай болгон күндө да, ШКУ менен «Бир алкак — бир жол» долбоору биргеликте Кытай мамлекетинин гүлдөп-өнүгүшүн көздөйт. Кеп Кытайдын бул глобалдык экономикалык долбоору кулач жайган бардык аймактардагы мамлекеттер менен биргеликте инфратүзүмдү, соода-инвестицияны, логистиканы жана маданий-гуманитардык тармактарды өстүрүү жөнүндө болуп жатат.
Акыркы күндөрдөгү активдүүлүк, тагыраагы, Өзбекстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кытай менен кызматташуусун координациялоо борборун түзүү келишими, бул борбордун иши боюнча катчылыктын түзүлүшү жана Кытай лидеринин Кыргызстанга сапарына даярдыктар — быйылкы жыл Пекиндин Бишкек, Астана, Душанбе, Ашхабад жана Ташкент менен болгон байланыштарынын сапат жагынан өсүшүнө алып келет деп болжолдоого негиз берет. 2023-жылы «C+C5» саммитинде кол коюлган жана Улуу Жибек жолун «кайра жандандырууну жана күчөтүүнү» көздөгөн Сиань декларациясынын пункттары иш жүзүндө колдонула башташы ыктымал. Өзгөчө дүйнөлүк саясаттагы чоң өзгөрүүлөрдү жана ири державалардын өздөрү үчүн маанилүү аймактарда таасирин кеңейтүүгө умтулуп жатканын эске алганда, бул абдан актуалдуу.
Азыркы тапта Борбор Азияда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык таасирин арттырууга башка көптөгөн мамлекеттер да кызыкдар экенин унутпоо зырал. Салттуу түрдө негизги талапкерлер — Россия, Түркия, АКШ, Европа Биримдиги өлкөлөрү, ошондой эле Перс булуңундагы араб монархиялары, Япония, Түштүк Корея жана жакында эле «С5+» форматына кошулган Индия. Борбор Азия — көптөгөн державалардын стратегиялык кызыкчылыктары кесилишкен жер. Аймакта өзүнүн «жумшак күчүн» орнотууну каалагандардын баары жайбаракат мамиледен активдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка өтүп жаткандыктан, Кытай үчүн ар бир кадамын өтө так жана кылдат эсептөө зарылчылыгы келип чыгууда.
Дастан Токольдошев