КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды
17.01.2026 | 15:03

Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Улан Бердибаев Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБ билдирди.
Бердибаев буга чейин Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалап келген.
Бишкек ШИИБдин жетекчиси Азамат Токтоналиев райондук башкармалыктын өздүк курамына жаңы жетекчини тааныштырды. Ошондой эле жаңы жетекчинин алдына укук тартибин чыңдоо, бөлүмдөрдүн оперативдик-кызматтык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана Ленин районунун аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттер коюлганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат