Урмат Такиров: “Боз” схемалардын доору бүттү
Кыргызстандын экспорту болуп көрбөгөндөй динамиканы көрсөтүп жатканы маалым. Бирк, узап кеткен жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 10-11% деңгээлинде күтүлгөнү менен, 2025-жылдын алгачкы 8–9 айында товар экспортунун көлөмү төрттөн бирге кыскарды. Экономика үчүн негизги сокку тигүү тармагындагы кризис болду. Россия чек арадагы бажы көзөмөлүн катаалдаштырган соң, бул тармак көнүмүш соода жүгүртүүдөн ажырады десек ашыкча болбос.
Бул кырдаал Кыргызстан өзүнүн атаандаштык артыкчылыгы деп эсептеген реэкспортко жана алып-сатар соодасына негизделген моделдин канчалык алсыз экенин далилдеди. Эми басым сапатка, мыйзамдуулукка жана рынокторду ар тараптуу кылууга негизделиши керек. Бул процесс оор, бирок жетилген экспорттук моделге өтүү үчүн зарыл болуп эсептелет.
Өлкөнүн жеңил өнөр жайы эмне үчүн кризиске кабылды, бизнес кайсы системалык каталарды кетирди жана бул кырдаалдан чыгуунун жолдору барбы? Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров Reporter.kg басылмасына маек курду.

— Соңку маалыматтар экспорттун төмөндөп кеткенин көрсөтүүдө. Себеби эмнеде?
— Акыркы 9 айда экспорт 25%га азайды. Буга алтындын аз сатылышы жана Россиянын чек арадагы көзөмөлдү катаалдатканы себеп болду. Бул чара ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан барган товарларга да тиешелүү болду.
— Мурун мындай көзөмөл жок беле?
— ЕАЭБ алкагында товарлардын эркин жылышы принциби иштейт, бирок ар бир мамлекет өз аймагында фискалдык көзөмөл чараларын колдонууга укуктуу. Азыр бажычылар чек арадан 20 чакырым өткөндөн кийин тосуп, жүктү тинтип жатышат. Эгер бир машинедеги жалпы жүктүн ичинде бир эле жөнөтүүчүнүн документтеринен же маркалоосунан ката табылса, бүтүндөй жүк убактылуу сактоочу кампага жөнөтүлөт. Текшерүү кезеги 2 айга чейин созулуп кетүүдө.
— Буга эмне себеп болду?
— Алар мурунку “боштуктарды” жаап, мыйзамдуулукту талап кылууда. Эгер сертификат, маркалоо жана QR-коддор так болсо, көйгөй жок. Бирок биздикилердин көбү буга даяр эмес.
— Ишкерлер бул көрүнүш тармакты жок кылып жатканын, жүктөр токтоп, фабрикалар банкрот болуп жатканын айтып даттанышууда…
— Ооба, кырдаал оор. Бирок бизнес көп жыл бою жеңил, “боз” схемалар менен иштеп көнүп калган. Башка рынокторду изилдегиле, документ иштерин иретке келтиргиле деп алдын ала эле эскертилген, бирок соода жакшы жүрүп жаткан убакта эч ким кулак салган эмес. Азыр ошонун натыйжасын көрүп жатабыз: Экспорттоочулардын 90%ы мыйзамдуу иштөөгө жөндөмсүз экени көрүндү.
— Wildberries аркылуу товар саткандарга да кыйын болдубу?
— Ооба, эми Россияда каттоосу бар салык төлөөчү гана жүктү кабыл алышы керек. Wildberries аянтча катары мындай алуучу болуп эсептелбейт. Бул кыргызстандык сатуучулардын товарды түз эле маркетплейстин кампасына жөнөткөн схемасын токтотту. Азыр биз Wildberries өкүлдөрү менен биргеликте жеткирүүлөрдү кайра жандандыруу үчүн юридикалык моделдерди издеп жатабыз. Ошону менен катар Россияда салык реформасы даярдалууда, ал 2026-жылдан баштап маркетплейстерди сатуучулар үчүн салык агенти болууга милдеттендирет. Бул эрежелерди дагы да катаалдаштырат.
— Чыгуу жолу барбы?
— “Боз” схемалардын доору бүттү. Эми сабаттуу логист, юристтер менен иштеп, мыйзамдуулукка өтүү керек. Бир эле рынокко көз каранды болбой, башка өлкөлөрдү өздөштүрүү зарыл. Аракет кыла турган убакыт келди.