Кыргызстанда бир жыл ичинде 8 миңден ашык жол кырсыгы болгон

Былтыркы, 2025-жылы, өлкө аймагында 8 минден ашуун жол унаа кырсыктары катталган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) жыл жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Башкармалык кырсыктардын көпчүлүгү айдоочулар төмөнкү жол эрежелерин бузгандыгынан келип чыкканын билдирди:
- ылдамдыкты ашыруу;
- жол тилкесинде туура эмес манёвр жасоо;
- жолдун карама-каршы тилкесине чыгуу;
- мас абалында унаа айдоо;
- жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөө;
- жол белгилерине карабоо,
- аралыкты сактабоо.
Жыл жыйынтыгы боюнча кеңешмеде такси айдоочуларына лицензия берүүнү көзөмөлдөө жана жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү керектиги талкууланды.
Учурда Жогорку Кеңеште жол эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликти күчөтүүнү караган мыйзам долбоору каралууда. Документ күбөлүктөн ажыратуу жана транспортту каттоо процедураларын түп-тамырынан бери өзгөртүүгө, ошондой эле биринчи жолу мыйзамдык деңгээлде жеке мобилдүүлүк каражаттарын пайдаланууну жөнгө салууга багытталган.