Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо үчүн «Экспертиза» системасы ишке кирди

20.01.2026 | 14:43

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти АИС «Экспертиза» маалыматтык системасын ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Система мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана адам факторун кыскартуу максатында иштелип чыккан.

Эми жеке жана юридикалык жактар айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндүк материалдарын сертификаттоо үчүн талаа инспекциясына, лабораториялык анализдерге жана жаңы сортторду сорт сыноодон өткөрүүгө онлайн режиминде арыз тапшыра алышат. Аймактык мекемелерге келип, кагаз жүзүндө документ тапшыруунун зарылдыгы жок.

Арызды кантип берүүгө болот?

  1. АИС «Экспертиза» маалыматтык системасына кирүү керек.
  2. Керектүү кызматтардын бирин тандоо керек: «Талаа инспекциясы», «Лабораториялык текшерүү» же «Сорт сыноо».
  3. Жылдызча коюлган талааларды, телефон номерди жана электрондук почта дарегин толтуруу зарыл.
  4. Арызга талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө керек.

Арыз кабыл алынгандан кийин, көрсөтүлүүчү кызмат үчүн төлөнүүчү акынын эсеби арыз ээсинин электрондук почтасына автоматтык түрдө жөнөтүлөт. Бул процесс арыздарды кабыл алууну ыкчамдатууга жана убакытты үнөмдөөгө шарт түзөт.

Scroll to Top