Тыюу салынган уюмдун лидери жана 150дөн ашык мүчөсү экстремисттик идеологиядан расмий баш тартышты
2025-жылдын декабрында өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун 150дөн ашык мүчөсү кылган ишине өкүнүп, салттуу исламга кайтуу ниетин билдиришти. Мындай маалыматты Region.tv бөлүшүүдө.
Радикалдашуудан арылтуу боюнча иштер тиешелүү мамлекеттик органдардын колдоосу менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан жүргүзүлдү. Түшүндүрүү жолугушууларына Азирети Муфтий А. Закиров жана Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү катышты.
Экстремисттик ишмердүүлүктөн баш тарткан негизги фигуралардын бири уюмдун лидери — жаран К.Н.Т. болду. Ал 2022-жылы соттолгон жана учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат.
Кыймылдын мурдагы жактоочулары «Йакын-Инкардын» идеологиясынын жаңылыштыгын эл алдында моюнга алышып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого даярдыгын тастыкташты. Идеологиядан баш тарткандар мындан ары КМДБнын талаптарын жетекчиликке алууга жана Аалымдар кеңешинин фатваларын аткарууга милдеттеништи. Маалым болгондой, бул чаралар өлкөдөгү диний кырдаалды жакшыртууга жана буга чейин радикалдуу таасирге кабылган адамдарды андан ары социалдык интеграциялоого багытталган.
Маалымкат: «Йакын-Инкар» диний уюму Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 15-июнундагы чечими менен экстремисттик деп табылган. Анын республика аймагындагы ишмердүүлүгүнө мыйзам менен толугу менен тыюу салынган.