Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курамасы Люксембургду 5:2 эсебинде жеңди

23.01.2026 | 10:54

Хоккей боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын (U-20) үчүнчү дивизионунда (В тайпасы) Кыргызстандын курама командасы Люксембургду 5:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Чемпионаттын төртүнчү туру 22-январда Бишкек шаарында өттү.

Бул жеңиштен кийин Кыргызстандын курама командасы турнирдик таблицада лидерлигин сактап калды. Алты команда катышып жаткан мелдеште кыргызстандыктар катары менен төртүнчү жолу жеңишке жетишти.

Буга чейин улуттук курама Гонконгдун курама командасын 4:1 эсебинде, ал эми Түштүк Африканын командасын 7:2 эсебинде утуп алышкан. Ошондой эле үчүнчү турда Иранды 15:1 эсебинде жеңишкен.

Чемпионаттын акыркы турунда Кыргызстандын курамасы Мексиканын командасы менен беттешет. Оюн 24-январда өтөт.

Scroll to Top