Ош облусунда 300 миллион долларга кичи ГЭСтердин каскадын куруу пландалуудаКыргызстандын куралдуу күчтөрү глобалдык дүйнөлүк рейтингде 109-орунду ээледиЧыңгыз Айтматовдун карындашы классиктин мааракесине карата масштабдуу салтанаттарды өткөрбөөнү сунуштадыОкуучуларды бир мектептен экинчисине которуу процесси санариптештирилетБишкекте «Евразия» паркынын жаш коноктордун тилегин орундатуу боюнча социалдык акциясы аяктадыСууну жоготпоо үчүн ЧЧК бетондолот
Бишкектеги «Манас» кинотеатрынын маңдайына жер астындагы өтмөк курулат
26.01.2026 | 10:23

Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатры менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) ортосуна жер астындагы өтмөк курулат. Бул тууралуу мэриянын транспорт департаментинин бөлүм башчысы Темирбек Мамашев жергиликтүү ЖМКларга билдирди.
Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов проспектисинин бул тилкесинде мурда “зебра” бар болгон. Бирок ал жерден өтүү кооптуу болгондуктан жана көп жол кырсыгы катталгандыктан алынган. Эми бул жерде кайрадан жөө адамдар өтө ала турган өтмөк куруу пландалууда.
Мэрия буга чейин Айтматов проспектисине үч жер алдындагы өтмөк куруларын билдирген. Алар жолдогу унаалардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында курулат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом