Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Ала-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза тапты
26.01.2026 | 17:03

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жаш жубайлар эки кичинекей кызы менен көмүрдүн исине ууланып каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Окуя тууралуу маалымат бүгүн, 26-январда, саат 12:20лар чамасында келип түшкөн. Каргашадан 32 жаштагы үй ээси, анын 24 жаштагы жубайы, ошондой эле 2024- жылы жана 2025-жылы туулган наристе кыздар каза тапты.
Учурда окуя болгон жерге укук коргоо органдары барып, териштирүү иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар