Кыргызстан аймакта эттин баасы эң төмөн өлкөлөрдүн катарына кирди
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев КМШ өлкөлөрүндөгү эттин бааларына салыштырмалуу талдоо сунуштады. Маалыматтар Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Сунушталган отчетко ылайык, Кыргызстанда бир килограмм уй этинин (сөөгү менен) баасы орто эсеп менен 680 сомду түзөт. Бул өнөктөш өлкөлөрдүн ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Салыштыруу үчүн, Казакстанда баа 650 сом деңгээлинде катталган.
Башка мамлекеттерде 1 кг эттин баасынын салыштырмалуу статистикасы:
- Тажикстан — 1 150 сом;
- Өзбекстан — 1 040 сом;
- Орусия — 1 025 сом;
- Армения — 950 сом;
- Беларусь — 925 сом.
Мекеме жетекчиси продуктунун баасы менен калктын киреше деңгээлинин катышына көңүл бурду. Атап айтканда, ал Өзбекстанда орточо айлык акынын деңгээли Кыргызстанга салыштырмалуу төмөн болгону менен, эт азыктарынын баасы кыйла жогору экенин белгиледи.
Ошол эле учурда Казакстанда башкача кырдаал байкалууда: орточо эмгек акы 50 миң сомдон жогору болгон шартта эттин баасы кыргызстандык көрсөткүчтөн төмөн бойдон калууда. Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо эмгек акы болжол менен 45 миң сомду түзөт. Сунушталган мониторинг азык-түлүк коопсуздугун жана республиканын жарандары үчүн социалдык маанилүү товарлардын жеткиликтүүлүгүн баалоого багытталган.