Кытайлык «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жардам жиберди.
Чартердик каттам менен келген жүктү бүгүн, 10-апрелинде «Манас» аэропортуна н тосуп алышты.
Гуманитардык жардамдар «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди.
Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.
Жардам көрсөтүүлөр Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде «Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору фонддору аркылуу жүргүзүлдү.