2025-жылы Кыргызстанда ымыркайлар өлүмү азайып, энелер өлүмү өскөн

Өткөн жылы Кыргызстанда ымыркайлар өлүмү азайып, энелер өлүмү өскөн. Бул тууралуу 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин коллегиясында маалымдалды.
2025-жылы республикада ымыркайлар өлүмү мурунку жылга салыштырмалуу 4,2%га төмөндөгөн. Ымыркайлардын өлүмүнүн себептери перинаталдык мезгилдеги оорулар, тубаса өнүгүү кемтикери, дем алуу органдарынын оорулары жана жугуштуу жана паразитардык оорулар болгон.
Өткөн жылы 48 эне каза болгон. Бул 2024-жылга карата 12 өлүмгө көп.
Саламаттык сактоо министри бул көрсөткүчтөрдү системанын абалын чагылдырган маанилүү белги катары атап, аялдар менен жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактоо артыкчылыктуу багыт экенин билдирди. Ошондой эле бир жуманын ичинде тийиштүү чаралардын комплексин иштеп чыгууну тапшырды.