Мамлекетке кайтарылган санаторийлер дээрлик 800 млн сом киреше алып келди

29.01.2026 | 15:48

КР Президентинин иш башкармалыгына караштуу Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттерди башкаруу боюнча дирекция 2025-жылдагы каржылык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Отчетко ылайык, мекеменин иш жүзүндөгү кирешеси 779 млн сомду түзүп, пландалган 550 млн сом көрсөткүчтөн 40%га көп болду.

2024-жылдын мартында түзүлгөн мекеме отчеттук мезгилде буга чейин Кесиптик бирликтер федерациясынын карамагында болгон объекттердин рентабелдүүлүгүн калыбына келтирүүгө басым жасады. Дирекциянын маалыматы боюнча, активдер өткөрүлүп берилген учурда техникалык жактан канааттандырарлык эмес абалда болгон жана салыктар, айлык акылар, коммуналдык төлөмдөр боюнча жалпы 90 млн сом карызы бар эле. Учурда бардык карыздык жүктөм толугу менен төлөнүп, объекттер өзүн-өзү актоого өткөрүлдү.

Сектордун кирешелүүлүгүнүн динамикасы:

  • 2023-жыл: 248 млн сом (кесиптик бирликтер башкарган мезгил);
  • 2024-жыл: 486 млн сом (Дирекция ишин баштаган учур);
  • 2025-жыл: 779 млн сом (иш жүзүндөгү натыйжа).

Операциялык ишмердүүлүк менен катар мекеме УКМК менен биргеликте буга чейин ээликтен ажыратылган мүлктү кайтарып алуу иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттин менчигине 25 гектар жер жана жалпы аянты 5,4 миң чарчы метрди түзгөн имараттар кайтарылды. Учурда пландалган 16 объекттин 15и Дирекциянын балансына өткөрүлдү.

Президенттин иш башкармалыгы мамлекеттик башкаруу моделине өтүү чыгашалуу ишканаларды жандандырууга гана эмес, бюджетке түшкөн каражатты кыйла көбөйтүүгө да мүмкүндүк бергенин белгилейт. Инфраструктураны модернизациялоо жана мыйзамсыз чыгарылып кеткен аймактарды кайтаруу боюнча системалуу иштер 2026-жылы улантылат.

Scroll to Top