Чүйдөгү Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо иштери улануудаКыргызстандын жаш балбандары Новосибирсктеги «Салттардын күчү» турниринде жети медаль жеңдиКыргызстанда экспорттук көзөмөл жаатында уруксат кагаздарын берүү тартиби жөнөкөйлөтүлөтКыргызстанда БАДдарды дары катары жарнамалоого тыюу салуу сунушталуудаКыргызстанда акциздик маркаларды алуу процесси санариптештирилетЖыл башынан бери Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,4 тонна таштанды чыгарылды
Чачын кырып, сабашкан. Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды кыйнаган шектүүлөр камалды
29.01.2026 | 14:50

Жалал-Абадда 17 жаштагы кызды ур-токмокко алып, чачын жана кашын кырып кыйнаган деп шектелип, 38 жаштагы аял менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга М.К. аттуу тургун арыз менен кайрылып, 9-январга караган түнү анын 17 жаштагы кызын 3 адам эч бир себепсиз сабап, кашы менен чачын кырып кыйнаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү кармалып, соттун чечими менен бир айга камалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү аял мурда бейбаштык жана алдамчылык фактылары менен соттолгондугу аныкталган. Тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар