30-январга карата аба ырайы

30.01.2026 | 09:00

Бүгүн, 30-январда, Нарындын дыйканчылык аймактарында, өрөөндөрүндө жана Долон ашуусунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун Чаткал өрөөнүндө, тоо этектеринде жана Чычкан капчыгайында кар жаайт. Калган облустарда күн ачык жана булуттуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6°C, күндүз -1…4°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн -6…-8°C, күндүз 1…3°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн -3…-5°C, күндүз 3…5°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн -2…-4°C, күндүз 3…5°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн -5…-7°C, күндүз 2…4°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-3°C, күндүз 1…4°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн -19…-21°C, күндүз -6…-8°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°C, күндүз -1…1°C болот.
Scroll to Top