Нарында 4 баллдык жер титирөө болду

30.01.2026 | 09:55

Бүгүн, 30-январда, саат 8:54төр чамасында Нарын облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматында, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 24 км аралыкта жайгашкан.

Силкинүү Жан-Булак жана Достук айылдарында болжол менен 3,5 балл, Таш-Булак, Куланак, Миң-Булак айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга сезилди.

Scroll to Top