Бишкекте УКМКнын жаңы Аскердик-медициналык борбору ачылды

30.01.2026 | 15:41

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 30-январда, Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Аскердик-медициналык кызматынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Медициналык комплекстин курулушу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен ишке ашырылган.

Жаңы имараттын жалпы аянты 15 миң чарчы метрди түзөт. Анда төмөнкү бөлүмдөр бар:

  • Операциялык блок;
  • Реанимация жана реабилитациялык бөлүм;
  • Жүрөк-кан тамыр оорулары бөлүмү;
  • Жалпы хирургия бөлүмү;
  • Стационардык медициналык жардам көрсөтүүчү аскердик оорукана.

Медициналык комплекс санариптик технологиялар жана заманбап жабдуулар менен камсыздалган. Борбордо магниттик-резонанстык жана компьютердик томография, ультрадобуштук диагностика жана эхокардиография аппараттары орнотулган. Ошондой эле жогорку технологиялык хирургия киргизилген.

Борбор УКМКнын, Чек ара кызматынын жана 9-кызматтын аскер кызматчыларын, ардагерлерди, пенсионерлерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн тейлейт. Мындан тышкары, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине медициналык жардам көрсөтүлөт.

Садыр Жапаров бул борбордун ишке кириши медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана башка медициналык мекемелердин жүгүн жеңилдетүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Иш-чаранын жүрүшүндө президент имараттын ички палаталарын, диагностикалык кабинеттерин, ашканасын жана спорт залын көрүп чыкты.

Scroll to Top