Кыргызстанда эркектер арасында «Жооптуу бол!» бир айлыгы башталды

1-февралдан тарта Кыргызстанда 18 жаштан жогорку эркектер арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алууга багытталган «Жооптуу бол!» бир айлыгы башталды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, бир айлыктын алкагында жарандарга жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна, жалпы дарыгерлик практика борборлоруна жана фельдшердик-акушердик пункттарга кайрылып, медициналык консультациялардан өтүү сунушталат.
Бул демилге 2019-жылдан бери Швейцария өкмөтү тарабынан каржыланган «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоорунун алкагында өткөрүлүп келет. Долбоор өлкө боюнча жүргүзүлүп, баштапкы медико-санитардык жардам көрсөтүүнү жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтууну көздөйт.
Өткөн жылдагы кампаниянын жыйынтыгы боюнча өлкөдө 973 миңден ашык эркек профилактикалык скринингден өткөн. Анын ичинен:
- 119 600дөн ашык эркекте (12%) артериялык кан басымдын жогорулашы аныкталган;
- 49 600 эркекте (5%) жүрөк-кан тамыр ооруларынын тобокелдиги белгиленген;
- 60 800 эркекте (6%) кант диабетинин тобокелдиги табылган.