Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти колдоо институттарынын бирлиги түзүлдү

02.02.2026 | 14:21

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциумун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Документ мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, билим берүү мекемелеринин жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү максатында кабыл алынды.

Ага ылайык, Экономика жана коммерция министрлиги аталган консорциумдун (бирликтин) катчылыгы болуп аныкталды. Консорциумдун уюштуруучулар кеңеши чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилейт. Кеңештин чечимдерин консорциумдун катышуучулары жана мамлекеттик органдар аткарууга милдеттүү болуп саналат.

Ошондой эле Министрлер кабинетине 2026-жылдын экинчи кварталына чейин 2030-жылга чейинки чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү тапшырылды. Программада төмөнкү багыттар каралышы керек:

  • жаштар жана аялдар ишкердигин колдоо;
  • социалдык ишкердикти илгерилетүү;
  • региондук ишкердикти өнүктүрүү;
  • кластердик өнүгүүнү түзүү жана колдоо;
  • креативдүү экономиканы өнүктүрүү.

Экономика жана коммерция министрлиги консорциумдун катышуучуларынын ишин координациялайт жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мониторинг жүргүзөт.

Scroll to Top