КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Жер айдоо, кой кыркуу боюнча чемпионаттар, көргөзмөлөр, концерт: Чүйдө «Айдоо Фест 2026» фестивалы өтөт
15.04.2026 | 14:44

18–19-апрель күндөрү Чүй облусунун Кожомкул айылында «Айдоо Фест 2026» агрардык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Фестивалда жер айдоо жана кой кыркуу боюнча чемпионаттар, фермерлер менен механизаторлор арасындагы сынактар өтөт.
Ошондой эле Арашан породасындагы койлордун көргөзмөсү, айыл чарба продукцияларынын жарманкеси, шоу-концерт, фудкорт жана балдар аянтчалары уюштурулат.
Министрлик фестивалдын коноктору үчүн акысыз трансфер уюштурулганын кошумчалады. Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт:
- Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты;
- Панфилов айылы;
- Манас айылы.


