Депутат мэрияны «Манас» кампусу аркылуу өтүүчү жолго альтернатива издөөгө чакырды
Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков бүгүн пленардык жыйында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кампусу аркылуу жол курууга каршы чыгып, мэрияны долбоорду кайра карап чыгууга чакырды.
Эске салсак, борбор калаанын муниципалитети Айтматов кең көчөсү менен «Жал» кичи районун бириктирип, Миңжылкыев көчөсүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу өткөрүүнү көздөп жатат.
Парламентарий борбордун транспорттук көйгөйүн чечүүдө учурдагы инфраструктураны жана жашыл аймактарды сактап калууну эске алуу керектигин белгиледи.
Муратбековдун айтымында, Бишкекте 500 миңден ашык автоунаа катталган, ошол эле учурда күн сайын шаарга аймактардан кошумча транспорт кирип, жолдордогу жүктөмдү күчөтүүдө.
Депутат жаңы жолдорду куруу тыгындар маселесин чечүүнүн универсалдуу жолу эмес деп эсептейт жана транспорттук системаны өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле кылуунун зарылдыгын баса белгиледи.
Мисал катары ал калкынын саны 5 миллиондон ашканына карабастан, кылдат пландаштыруунун аркасында олуттуу тыгындардын алдын алууга жетишкен Ташкентти келтирди.
Парламентарий кошумчалагандай, «Манас» университетинин кампусу студенттер үчүн гана эмес, жакын жайгашкан кичи райондордун тургундары үчүн да маанилүү кызматты аткарып, эс алуучу жашыл аймак болуп саналат.
Ал ошондой эле бар болгон инфраструктураны жок кылуу «Жашыл мурас» программасына карама-каршы келерин билдирип, альтернативдүү чечимдерди, анын ичинде айланма жолдорду же жер астындагы транспорттук коридорду курууну карап чыгууну сунуштады.