Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Айдоочуларды даярдоо борбору» жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулун бир айга камакка алды.
Бишкек ШИИБдин маалыматында, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар, Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” беренеси боюнча айып тагылууда.
Анын камалышы айдоочуларды даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа жана жеке менчик автомектептердин ишмердүүлүгүн токтотуунун айланасындагы нааразычылыктардын фонунда болду.
Медербек Тагайбек уулу жеке автомектептердин жабылышына каршы чыккан жана бул тармактын өкүлдөрүнүн жыйындарына катышып, реформага нааразычылыгын билдирип келген.
Учурда бийлик өлкөдөгү бардык жеке менчик автомектептер жаап, айдоочуларды даярдоону толугу менен мамлекеттин көзөмөлүнө өткөрүүдө. Мындан улам жеке менчик автомектептердин ээлери тунгуюкта калышканын айтышып, нааразычылык билдиришүүдө. Буга президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жооп берип, жеке автомектептердин ээлерине реформалар тууралуу алдын ала маалымдалганын билдирди
Реформа боюнча өлкө башчы Садыр Жапаров да комментарий берип, автомектептерди мамлекеттик башкарууга өткөрүү чечими коррупциялык схемаларды токтотуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн жасалып жатканын айткан. Ал ошондой эле жеке автомектептер айдоочуларды сапаттуу даярдоого эмес, акча табууга басым жасап келгенин билдирген.